Депутаттар Астанада өтө турган ШКУ саммитинин дараметин баалады

Шанхай Кызматташтык Уюмунун Астанадагы саммити Казакстандын аброюн жогорулатып, эл аралык аренада кызыкчылыктарды ишенимдүү коргоого мүмкүндүк берет. Учурдагы геосаясий кырдаалга байланыштуу мамлекет башчыларынын жолугушуусу өтө маанилүү. Ал, эми Шанхай Кызматташтык Уюмуна жаңы өлкөнүн – Беларустун кошулуусу саясий гана эмес, экономикалык жактан да пайда алып келери талашсыз. Бул - казакстандык депутаттарынын пикири. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, мындай эл аралык иш-чараны Казакстанда өткөрүү аймактык сооданы жана инвестицияны өнүктүрүүгө гана жол ачпастан, «Чыгыш-Батыш» жана «Түндүк-Түштүк» коридорлорунун транспорттук дараметин кыйла жогорулатууга түрткү берет.

 

Айдос Сырым, Парламент сенатынын депутаты:

 

- Бул эң ири дүйнөлүк институттардын бири. Бул Казакстанга кээ бир геосаясий кырдаалдарга байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө жана биздин пикирибизди эске алуу менен дүйнөлүк аренада Казакстандын кызыкчылыктарын коргоого чоң жардам берет. Бул уюмдагы алдыңкы өлкөлөрдүн бири Кытай. Мындан тышкары Индияны эстен чыгарбашыбыз керек. Буга байланыштуу Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан Ооганстан аркылуу транспорт байланышын түзүүгө аракет кылууда. Эгер Иран менен Индияга товар жеткирүү маселесин чечсек, соода бүткүл дүйнөгө тез тарайт. Ошондо Перс булуңуна оңой жол ачылат. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков