Бүткүл дүйнөлүк уюмдун республикадагы биринчи өкүлчүлүгү 1993-жылдын бирдин айында ачылган. Ал эми андан бир жыл мурда Казакстан БУУга кирген. Ушул отуз жылдын ичинде Казакстанда Уюмдун 27 агенттиги пайда болду. Алар ар кандай тармактарда долбоордук иш-чараларды жүргүзүшөт. Бул экономикалык жана социалдык өнүгүүнү, айлана-чөйрөнү коргоону, адам укуктарын коргоону, гендердик теңчиликти жана аялдардын укуктарын кеңейтүүнү, жалпысынан өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн колдоону камтыйт. Айта кетсек, Бириккен Улуттар Уюму Казакстанда болгон жылдары улуттук, аймактык жана жергиликтүү деңгээлде 400дөн ашык долбоор ишке ашырылган. Тактап айтканда, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жер русурстарын башкаруу боюнча долбоорлор аркылуу миллиондон ашык адам колдоого алынган. Республиканын 16 облусунан айыл чарба ишканаларына жана дыйкандарга жардам көрсөтүлдү. Муну менен бирге 37 компания аз көмүртектүү долбоорлорду каржылоо механизмдери аркылуу 4 миллиард 700 миллион теңгеге колдоо алышты.
Куртмолла Абдулганиев, БУУнун туруктуу өкүлчүлүгүн Казакстандагы кеңсесинин башчысы:
- Бул аракеттер БУУ менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосундагы алкактык макулдашууда аныкталган артыкчылыктарга дал келет. Мен башында айтып өткөн Казакстандын милдеттенмеси кызматташуунун келечеги абдан жакшы экендигинин жакшы көрсөткүчү деп ойлойм. Бул Казакстан дагы Бириккен Улуттар Уюмунун жигердүү мүчөсү болот дегенди билдирет жана ар кандай бийлик органдары менен түрдүү мекемелердин өнөктөштүгү чыңдалат. Андыктан биз долбоорлордун саны, учурдагы деңгээлинде калат деп үмүттөнөбүз жана жакын арада өсөт деген үмүттөбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков