Jibek Joly туристтик поездинин кезектеги сапары Нооруз майрамына карата мерчемделген. Жүргүнчүлөр жалган куран айынын 20-25 аралыгында Алматыга гана эмес, Түркестан, Ташкент, Самарканд жана Борбор Азиянын эски шаарларынын бири Таразга да бара алышат. Туристтер беш күн бою Жибек Жолунун руханий казынасына суктанып, Казакстан менен Өзбекстандын бай маданий мурастары менен таанышат. Сапардын жүрүшүндө жүргүнчүлөр этно айылдарды кыдырып, каада-салттарды көрүп, улуттук тамак-аштардан даам татышат. Белгилей кетсек, Казакстан менен Өзбекстанды байланыштырган Jibek Joly поезди өткөн жылдын жетинин айында башталган. Бул туристтик поезддин үчүнчү сапары. Долбоорго жергиликтүү туристтерден тышкары Түркия, Кыргызстан, Орусия жана башка чет өлкөлөрдөн да кызыккандардын саны күн санап өсүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

