Өзөктүк технологиялар паркынын өнүмдөрү экспорттолот

Өзөктүк технологиялар паркынын өнүмдөрү экспорттолот

Анын негизги артыкчылыгы - жылуулук туруктуулугу. Иштеп чыгуу Евразия улуттук университетинин изилдөөчүлөрүнүн ойлоп табуусу болуп саналат. Өнүмдү алдыдагы убакытта Абай районундагы Өзөктүк технологиялар паркынын базасында чыгаруу пландалууда. Аны курулушта, айыл чарбасында, химия жана металлургия өнөр жайларында колдонууга даярдоодо радиациянын акыркы ыкмалары колдонулат. Тактап айтканда, бул бекемдүүлүккө, ийкемдүүлүккө жана күн радиациясына туруктуулукка ээ эко өнүм. Туташтыргыч резинанын атайын түрлөрүн полимердик кошумчалар менен радиациялык нурлануу аркылуу өндүрөт. Ошондой эле, жылуулук жоготууларын дароо 30% азайта ала турган уникалдуу гидро, чуу жана жылуулук изоляторун, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жана кургакчылыкка туруктуулугун жогорулатуу үчүн инновациялык гидрогельди чыгарат. Белгилей кетсек, Ядролук технологиялар паркынын бардык өнүмдөрү коммерциялаштырууга жана инновациялык өндүрүшкө багытталган. Келечекте ички жана тышкы рынокту камтуу көздөлгөн.

Александр Борисинко, ядролук технологиялар паркы АК башкарма төрагасы:

- Быйыл радиациялык модификацияланган зымдарды жана туташтыргыч буюмдарын чыгарууну баштайбыз. Бүгүнкү күндө ал чоң суроо-талапка ээ. Биз туташтыргычтардын бир нече түрүн, анын ичинде мунай бургулоочу жабдыктар үчүн кабелдерди, суу астындагы туташтыргычтарды жана күн электр станцияларын чыгарабыз. Булар рынокто абдан керек. Бул буюмдар өзгөчө талаптарга ээ. Өзгөчө ысыкка чыдамдуу болушу шарт. Суроо-талап жогору болгондуктан инвесторлор бат эле табылды. Тактап айтканда, туташтыргыч заводу өнүмдү чыгарууга кызыгып жатат, биз аны быйыл чыгара баштайбыз. Буга кошумча энергетика, мунай жана газ өнөр жайы үчүн да өнүм чыгарабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков