Жарандар жана алардын жакындары экранда көрсөтүлгөн номер (87172 72 05 00) аркылуу жардам сурап кайрылса болот. Мындан тышкары Казакстандын Түркиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн чукул байланыштары жарыяланды. Тиешелүү мекеменин маалыматы боюнча, аталган өлкөдө 75 миңдей казак болушу мүмкүн. Азыркы учурда дипломаттар мекендештер менен байланыш түзүүдө. Азырынча жер титирөөдөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Казакстандын жарандары жок. Эске сала кетсек, президент Касым-Жомарт Токаев Түркия элине ар тараптуу жардам көрсөтүүнү тапшырган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков