Сенат депутаттары шайланат

Сенат депутаттары шайланат

Шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, бюллетендерге өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 55 талапкер киргизилген. Эске сала кетсек, талапкерлерди көрсөтүү жетинин айынын аягында башталып, 16 күнгө созулган. Шайлоочулардын тизмесине республикалык маслихаттардан 3168 депутат тандалып алынды. Алардын көбү Түркестан жана Костанай облустарынан, эң азы Астана, Шымкент жана Алматыдан. 20 аймактын маслихат депутаттары жашыруун добуш берүү менен 20 сенаторду шайлайт.

Нурлан Абдиров, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы:

- Тактап айтканда, Алматы шаарынан 4 талапкер, 6 облусттан: Алматы, Жетису, Жамбыл, Павлодар, Түндүк Казакстан Түркестан облустарынан 2ден талапкер, башка облустардан жана Астана, Шымкент шаарларынан 3 талапкер.

Шайлоочулардын 50%дан ашык добушун алган талапкер депутаттык мандатка ээ болот. Айта кетсек, сенат депутаттарына талапкер 30 жаштан жогору болууга тийиш. Жогорку билими, 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, акыркы 10 жыл ичинде өлкөнүн аймагында жана 3 жыл тиешелүү аймакта туруктуу жашаган болушу керек. Сенат депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 6 жыл. Алардын жарымы 3 жыл сайын кайра шайланат. Шайлоонун жыйынтыгы үчтүн айынын 20на чейин жарыяланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков