Microsoft компаниясы менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду

Microsoft компаниясы менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду

Дүйнөгө белгилүү Microsoft компаниясы казакстандык мугалимдердин санариптик көндүмдөрүн жогорулатууга катышат. Окуу-агартуу министрлиги менен компания кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Тараптар инклюзивдик билим берүү багытында биргелешкен иштерди күчөтүү, мектептик информатика программаларын биргелешип жаңылоо боюнча макулдашышты. Бекитилген келишимдин аркасында казакстандык мугалимдер билим берүүнү трансформациялоонун алдыңкы тажрыйбалары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Асхат Аймагамбетов министрлик меморандумга кол койгонго чейин эле, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана аттестациялоо боюнча Microsoft корпорациясы менен биргеликте кызматташкандыгын белгилеп өттү. Маселен, Казакстандык мугалимдер «Майкрософт Педагог», «Майкрософт педагог-серепчи» программасы боюнча Венгрияда, Канадада, Сингапурда, АКШда жана башка өлкөлөрдө өткөн педагогдордун эл аралык форумуна катышты. Ал эми 13, 18 жаштагы окуучулар Глобалдык студенттик хакатонго катышып жүрөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков