Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Татарстандан 50 спортчу келет

Астанада өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Татарстандан 50гө жакын адам катышканы жатат. Дини, тили бир казак боордоштордун жеринде өтүп жаткан мелдешке топтун мүчөлөрү жогорку даярдыкта экендиктерин айтышат. Алар күрөш, казак күрөш, эр-эңиш сыяктуу улуттук спорттун түрлөрү боюнча күч сынашат. Жалпысынан Татарстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 2016-жылдан бери катышып келет.  Ошондон бери татар спортчулары 5 медалды куржунга салышты. Жакынкы күндөрдө боло турган масштабдуу мелдеш калыс өтөөрүнө ишеничтери чоң.

Айрат Гатауллин, Татарстан Республикасы Спорт министрлигинин серепчиси:

– Көчмөндөр оюндары биз үчүн абдан маанилүү. Анткени быйыл күрөш мелдештин тизмесине кирди. Ошондуктан биз жогорку деңгээлдеги даярдыгыбызды көрсөтүп жатабыз. Күрөштүн Татарстан үчүн орду бөлөк. Бул ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан спорт түрү. Республикада спорттун бул түрүн өнүктүрөлү жана жайылтсак дейбиз. Анткени каада-салтты сактоо, даңазалоо негизги максат. Спорттун бул түрү боюнча да чемпионаттарды салттуу түрдө өткөрүп турабыз.

Динар Каримуллин, спортчу:

– Көчмөндөр оюну бардык элдерди бириктирген иш-чара. Түркияда өткөн Көчмөндөр оюндарында жеңишке жеттим. Биздин спортчулар быйыл да жеңиш шатысынан көрүнөт деп ишенебиз. Бирок атаандаштык абдан жогору экенин билебиз. Жада калса катышууну каалаган мамлекеттердин саны биздин дүйнөлүк чемпионатка караганда көп экенин угуп, даярдыктарды күчөттүк.

Которгон: Илгиз Жамалбеков