Италиялык дизайнерлер Ашхабадда түркмөн стилиндеги мода кийимдерди сунуштады

Италиялык дизайнерлер Ашхабадда түркмөн стилиндеги мода кийимдерди сунуштады

Түркмөнстандын борборунда «Made in Italy» күндөрдүн салтанаттуу ачылышы болду. Иш-чаранын программасы кеңири. Бул тармакты тандаган студенттер жана өндүрүш адистери үчүн мастер-класстар, чыгармачылык семинарлар өткөрүлдү. Катышуучулар мода дүйнөсүндөгү акыркы жетишкендиктер, италиялык кийим тигүүчү-сүрөтчүлөрдүн чеберчилигинин сырлары, дизайндагы инновациялык жаңычылдыктар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Мындан тышкары кийимдердин моделдери да көрсөтүлдү. Көрүүчүлөргө түркмөн улуттук стилинде итальян модалары сунушталды. Коллекцияны европалык дизайнерлер иштеп чыккан.

Мария Глория Тревизани, дизайнер/Италия: 

- Түркмөн модасынын кайталангыс өзгөчөлүгү, бай улуттук оймо-чиймелери мени дайыма кызыктырып келген. Түркмөнстанга келгениме ушул себеп болду. Бул сапар өлкөдөгү таланттуу дизайнерлер менен байланыш түзүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет деп ойлойм. Мага дагы түркмөн стилинен шыктанып, өзүмдүн чыгармачылыгымды көрсөтүү буйруп жатат.  

Дженнет Агаева, дизайнер/Түркмөнстан: 

- Мен эскиздеримди кагазга түшүрүүнү улантып жатам. Улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү заманбап көз караш менен айкалыштырганга аракет кылам. Иш-чаранын жүрүшүндө италиялык дизайнерлер менен баарлашуу мага дем жана тажрыйба берди. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков