Астанада Италия симфониясынын кечеси өттү

Борбор калаада симфониялык кече өттү. Роза Багланова атындагы Казак концерт залында белгилүү италиялык пианист Джузеппе Гуллотта өнөр көрсөттү. Классикалык музыка дүйнөсүнүн бир катар беделдүү сыйлыктардын ээси Ференц Листин фортопиано жана оркестрге арналган №1 концертин койду. Өнөр сүйүүчүлөр коомун белгилүү италиялык композитордун чыгармалары кызыктырды. Ошондой эле, көрүүчүлөр казак мамлекеттик симфониялык оркестринин аткаруусунда Верди, Беллини, Маска сыяктуу композиторлордун классикалык шедеврлерге айланган тандалма чыгармаларына күбө болушту. Обондуу кечеге атактуу италиялык дирижер Самуэле Галеано жетекчилик кылды.

Джузеппе Гуллотта, Пианист, Италия:

- Бул менин Казакстанга болгон үчүнчү сапарым. Экинчи жолу казак мамлекеттик симфониялык оркестри менен концерт даярдадык.  Белгилей кетсек, быйыл жамаат Сицилияга гастролдук сапар менен барды. Италияда бир нече концерттерди берип, жергиликтүү коомчулуктун жылуу кабыл алуусуна ээ болду.  Бул музыка дүйнөсүндөгү эң мыкты долбоорлордун бири болду десем аша чаппайм.

Самуэле Галено, дирижер, Италия:

- Бул менин Казакстанга биринчи сапарым. Астанада мамлекеттик оркестр менен алгачкы өнөктөштүктөн абдан ырахат алдым. Абдан таланттуу команда. Бул жолу биздин ишибиз негизинен Италиянын музыкасына арналды. Келечекте белгилүү казак композиторлорунун мыкты чыгармаларын кесипкөй оркестр менен жергиликтүү элге тартуулагым келет. Бул үчүн аталган чыгармачыл дүйнөнү изилдейм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков