Алматыда
казак тайганы жана
башка ит породаларынын катышуусунда «Көчмөндөр
талаасы»
аттуу көргөзмөсү өттү. Эл
аралык көргөзмөгө Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Орусиядан жалпысынан 500дөн
ашык ит алынып келинген. Быйылкы көргөзмөнүн өзгөчөлүгү-ага башка ит породалары
да катышкандыгында.
Көргөзмөдө тайгандын дене
түзүлүшү - башы, тумшугу, көзү, кулагы, жада калса тиштери кылдат изилденген.
Иттин кыймылына чейин бааланды.
Ар бир катышуучу өз тайганынын таза
кандуу экенин далилдөөгө аракет кылышты. Ал жерде Нидерланды, Словакия, Греция
жана Кытайдан келген эл аралык серепчилер
иттердин жөндөмүн сынап, баасын берди. Көргөзмөнүн
жыйынтыгы боюнча өзгөчө айырмаланган иттер көзөмөлгө алынып, мындан ары алардын
генетикасын сактоого багытталган иштер жүргүзүлөт.
Бауыржан Сериккали, Казакстан кинологдору биримдигинин
президенти:
- Эл аралык федерациянын
эрежелери боюнча таануу. Бул алдын ала таануу, анан бизге 10 жыл убакыт берилет. 10 жылдын
ичинде биз таза кандуу тайгандардын
санын көбөйтүшүбүз керек. Биз аны дүйнө
жүзү боюнча жайылтышыбыз зарыл.
Бул үчүн биз Бүткүл дүйнөлүк Европа Азиядагы көргөзмөлөргө катышып, ошол жерден
байгеге ээ болушубуз кажет.
Жерард Йиппинг, эл аралык кинологиялык уюмунун вице-президенти:
- Казак тайганынын тамыры алыскы
кылымдарга барып такалат. Казакстан бул стандарттын ээси макамын алганына абдан
кубанычтамын. Көргөзмөдө мен укмуштуудай иттерди көрдүм. Тайган сиздердин тарыхтан кабар берип тургандай.
Абдан өзгөчө ит.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков