Казакстан менен Италия биргелешкен бренд менен товар өндүрүүнү мерчемдеп жатат. Эки өлкөнүн ишкерлери «Made in Kazakhstan with Italy» деген жазуусу бар бирдиктүү соода маркасы менен товар чыгарат. Азырынча бул маселе талкууланууда. Деген менен, болжол боюнча Италия рыногунда жогору суроо-талапка ээ болот деген товардын бири - жылкы эти. Серепчилердин айтымында, өлкөнүн Евробиримдикке органикалык, тоңдурулган эттен тышкары, икра менен балды да экспорттоого дарамети жетиштүү. Жалпысынан жыл сайын Италия 140 миллион доллардан ашык жылкы этин импорттойт. Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн Казакстанда өндүрүлгөн товарлардын тизмесин түзүү мерчемделүүдө. Бул тууралуу Соода министрлиги маалымдады. Мекеме аталган платформа бардык тараптарга жеткиликтүү жана ата мекендик товарлар тууралуу маалымат жайылтуучу жалгыз ресурс болорун билдирди. Бүгүнкү күндө кайра иштетүү өнөр жайына байланыштуу Казакстандын Италияга экспорттук дарамети 260 миллион доллардан ашат. Өз кезегинде Италия органикалык азык-түлүк сатып алууга кызыгуучулук таанытууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков