Акордада өлкө башчы аталган Мамлекеттик Президиумдун Төрагасы Желька Цвиянович менен жолугушту. Мамлекет башчысы Босния жана Герцеговинаны Түштүк-Чыгыш Европа менен Балкандагы келечектүү соода-экономикалык өнөктөш катары карай турганын билдирди. Өз кезегинде Желка Цвиянович Астана эл аралык форумунун алкагында эл аралык кызматташууга жана дүйнөлүк экономиканын учурдагы абалына байланыштуу жаңы демилгелер айтылганын билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков