Казакстан менен Өзбекстан «Достук» каналы аркылуу суу жиберүү тууралуу келишим түздү

Казакстан менен Өзбекстан «Достук» каналы аркылуу суу жиберүү тууралуу келишим түздү

Быйыл сугат маалында Казакстандын түштүгүнө коңшу Өзбекстандан жалпысынан 922 миллион кубометр суу жиберилет. Эске сала кетсек, буга чейин эки өлкөнүн өкмөттөрү Суу чарба координациялык комиссиясынын 86-жыйынында «Достук» мамлекеттер аралык каналы аркылуу суу алмашуу боюнча келишимге кол коюшкан. Азыркы убактан эле республикага бардык суу булактарынан 3,9 миллиард кубометр суу келди. Мунун аркасында Түркестан облусундагы дыйкандар быйыл жакшы түшүм алабыз деп кубанып жатышат. Жалпысынан сугат мезгили башталгандан бери Шардара суу сактагычы аркылуу Туркестан аймагынын дыйкандарына 682 миллион кубометр суу жиберилген. Бүгүнкү күндө суу сактагычта 2,6 миллиард метр куб суу бар. Бул былтыркыдан 600 миллион кубометрге көп.

Ермек Иса, Түркестан облусу боюнча «Казсушар» филиалынын Шардара өндүрүштүк бөлүмүнүн башчысынын орун басары:

- Жалпысынан учурда жогору жактан секундасына орто эсеп менен 125 метр куб суу агып жатат. Сырдарянын төмөнкү агымына секундасына 650 кубометр сууну жиберип жатабыз.

Төлепберген Артыков, дыйкан:

- Быйыл суу көп болду. Эл ыраазы. Былтыр кыйналганбыз. Быйыл жакшы болду. Кышкы сууну жакшы алып, жайында сууну убагында берип турдук. Бир жолу чогултуп, экинчисин сугарып жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков