Ислам өнүктүрүү банкы менен кызматташуу аркылуу инвестициянын көлөмү кеңейди

Ислам өнүктүрүү банкы менен кызматташуу аркылуу инвестициянын көлөмү кеңейди

Ислам өнүктүрүү банкы менен кызматташуу жылдарында Казакстанда жалпы инвестициянын көлөмү дээрлик 2 миллиард долларды түзгөн 70тен ашык биргелешкен долбоорлор ишке ашырылды. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев менен каржы структурасынын президенти Мухаммед Сулейман аль-Джассердин жолугушуусунда белгилүү болду. Касым-Жомарт Токаев аталган банк менен негизги стратегиялык келишимдин жаңыланышын кубаттады.Анын алкагында бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Өз кезегинде Мухаммед Сулейман аль-Джассер Казакстандын экономикасын ар тараптандырууга мындан ары да катышууга даяр экенин билдирди. Муну менен катар мамлекет башчы ОПЕКтин Эл аралык өнүктүрүү фондунун президентин кабыл алды.   Абдулхамид Аль-Халифа өлкөдөгү газ химиясы, транспорт, суу ресурстарын башкаруу жана саламаттыкты сактоо сыяктуу негизги тармактарды каржылоо планы менен бөлүштү. Араб координациялык тобу фонддорунун жетекчилери менен жолугушууда мамлекет башчы бул уюм өзүн Казакстандын стратегиялык өнөктөшү катары көрсөткөнүн баса белгиледи. Касым-Жомарт Токаев 2029-жылга чейин өлкөдө 150 миллиард доллардан кем эмес түз чет элдик инвестицияны тартууга багытталган жаңы инвестициялык мезгил башталганын айтты. Өз кезегинде фонддун жетекчилери Казакстандын өкмөт мүчөлөрү жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн билдиришти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков