Быйыл Казакстан
он бир миллион тонна буудайды экспорттойт. Бул акыркы 10 жылдагы рекорддук
көрсөткүч, деп билдирет «Казакстандын дан союзунун» өкүлдөрү. Ата мекендик
буудайдын негизги керектөөчүсү болуп дагы эле Борбордук Азия болуп кала
берүүдө. Быйыл план боюнча 5 миллион тоннага жакын өнүм Өзбекстанга,
Тажикстанга жана Ооганстанга жиберилет. Ошондой эле Кытай тарап казастандык
буудайды импорттоого кызыкдар болуп
жатат. Кытай Эл Республикасы быйыл үч миллион тоннага жакын сатып алууну көздөп
жатат. Калган бөлүгү башка өлкөлөргө жөнөтүлөт. Белгилей кетсек, Казакстан
буудай экспортунан 1 триллион теңгеге жакын киреше алууну пландоодо. Жер
айдаган ата мекендик дыйкандар аяк оона айынын ортосунан баштап кезектеги
оруп-жыйноо компаниясын баштоону пландашты. Адистер талаалардан 14 миллион
тоннага чейин буудай орулуп республиканын казынасына төгүлөт деп болжолдоп
жатышат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков