Казакстан энергетика тармагында эл аралык кызматташтыгын кеңейтет

Казакстан энергетика тармагында эл аралык кызматташтыгын кеңейтет

Казакстандын энергетикалык комплексине жасалма интеллекттин негизинде түзүлгөн серепчилик-талдоо системаларын киргизүү. Буга Бириккен Араб Эмираттарынын тармактык компаниясы кызыгуучулук таанытууда. Буга чейин өлкөнүн кен-жайларына атайын жабдууларды алып келген чет элдик өнөктөш эми санариптик технологиялар багытында кызматташуу дараметин кеңейтүүгө даяр. Мындай ниетин аталган компаниянын өкүлү «Digital Energy & AI Summit» эл аралык конференциясынын жүрүшүндө билдирди. Борбор калаада өтүп жаткан масштабдуу иш-чаранын жүрүшүндө өлкөнүн бул тармагын өнүктүрүүгө байланыштуу дүйнөнүн 15 алдыңкы компаниясы өз долбоорлорун сунуштап, эң мыкты IT-чечимдерин сунушташат. Чет элдик жана ата мекендик адистер, талдоочулар пикир алмашып, тажрыйба бөлүшүшөт.

Антон Мельник, Дүйнөлүк бизнести өнүктүрүү өнөржай ишканасынын мүдүрү (БАЭ):
- Мен булут технологияларына байланыштуу жаңылыктарга көз салып турам. Ал акыркы жылдары тез өнүгүп келе жатат. Ошол эле учурда КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан алдыда деп айта алам. Бул биз үчүн абдан маанилүү. Анткени биз сунуш кылган чечимдер чоң эсептөө ресурстук базасын талап кылат. Казакстандын санариптик жана булут технологиялары багытындагы жаңы жетишкендиктери биргелешкен долбоорлорду тез жана сапаттуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Бакытжан Илияс, Энергетика вице-министри:
- Эки тараптуу жолугушуулардын жүрүшүндө келечектеги кызматташуу үчүн дараметтүү долбоорлор аныкталды. Маселен, Казакстандын жогорку окуу жайларынын базасында өндүрүш үчүн IT-инженерлерди даярдоо менен алектенген окуу борборлорун түзүү. Бул келечек үчүн маанилүү багыт. Себеби, автоматташтыруу, санариптештирүү жана санариптик платформаларга өтүү, жасалма интеллектти колдонуу энергетика тармагын өнүктүрүүнүн кепилдиги болуп саналат. Ошондуктан адистерди даярдоону бүгүндөн баштоо зарыл.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков