Казакстан менен Малайзия
кызматташуунун жаңы этабына кадам таштоодо. Ага Малайзия премьер-министри Анвар
Ибрагимдин расмий сапары түрткү берди. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Акордада
өткөн жыйында билдирди. Президенттин айтымында, Малайзия Казакстандын
Түштүк-Чыгыш Азиядагы эң маанилүү жана ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири. Ошондой
эле дипломатиялык мамилелердин орногон отуз жыл аралыгында эки өлкөнүн ортосундагы
кызматташтыктын бекем пайдубалы түзүлдү. Учурдагы геосаясий жана экономикалык
кырдаалга байланыштуу мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди мындан ары
чыңдоонун мааниси жогорулады. Тараптар бардык тармактарда кызматташууну
кеңейтүү жолдорун карашты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
-Биздин кызматташтыктын келечеги кең деп ишенем. Бизнес форумга катышуу каалооңузду кубаттайм. Ишкер топтордун ортосундагы байланыштар өз ара мамилелерди өнүктүрүүнүң маанилүү фактору болуп саналат. Биз малайзиялык компаниялар катышкан инновациялык долбоорлорду ишке ашырууну колдойбуз. Ошол эле учурда Казакстандын өкмөтү керектүү жардам көрсөтүүгө даяр. Мындан тышкары эки өлкөнүн жарандары жана ишкерлери 30 күндүк визасыз режимдин жана ыңгайлуу түз аба каттамдарынан пайдасын көрүп жатышат.
Өз кезегинде Анвар Ибрагим Малайзия Казакстан менен соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө маани берерин белгиледи. Бул багытта мамлекеттердин зор дарамети бар. Аны тараптар ишке ашыра башташты. Ошентип, 2023-жылы Казакстан Малайзиянын Борбордук Азия чөлкөмүндөгү эң ири соода өнөктөшүнө айланып, мамлекеттер ортосундагы соода жүгүртүү жыл ичинде 64%га өстү. Казакстан Малайзияга чийки мунай, кара металл буюмдарын, геодезиялык приборлор жана трансформаторлорду экспорттойт. Малайзия Казакстанга пальма майын, тиричилик техникасын жана уюлдук аппараттарын жөнөтөт.
Анвар Ибрагим, Малайзиянын Премьер-министри:
-Биздин конкреттүү сунуштарыбыз бар. Биз сиздердин министрлер менен импорт жана экспорт маселелери боюнча эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүнү пландап жатабыз. Биз Малайзияда ири товар рыногун түздүк. Азыр биздин өлкө АКШдан, Европадан, өзгөчө Германиядан, Кытайдан олуттуу инвестиция тартуу менен компьютердик чиптерди өндүрүү боюнча аймактык борборго айланды. Биз бул тажрыйба менен бөлүшө алабыз жана сиз ийгиликтүү ишке ашырган кайра куруудагы тажрыйбаңыздан үйрөнө алабыз деп ойлойм.
Жолугушуунун жүрүшүндө
транзиттик-логистика, энергетика, маданий-гуманитардык тармактардагы өнөктөштүк
мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Тараптар ошондой эле эл аралык структураларда,
анын ичинде БУУ, ИКУ жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары
боюнча кеңешмеде кызматташууну чыңдоого кызыкдар экенин билдиришти.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков