Алдыдагы жай мезгилинде Казакстандын бир катар аймактарында абанын температурасы климаттык нормадан жогору болушу күтүлөт. Мындай божомолду синоптиктер жарыялады. Ири масштабдуу суу ташкындары кургакчылык кесепеттерин алып келиши мүмкүн. Адистердин айтымында, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу республиканын көпчүлүк аймактарында өрт чыгышы толук мүмкүн. Ошондуктан Казгидромет аймактар боюнча үзгүлтүксүз талдоолорду жүргүзүп турат. Эске сала кетсек, бугу айынан тогуздун айына чейинки мезгил өрт коопсуздугу жогору мезгил болуп эсептелет.
Жулдыз Исабекова, «Казгидрометтин» аба ырайын
узак мөөнөттүү божомолдоо башкармалыгынын башчысы:
-
Өрт коркунучуна күн сайын мониторинг жүргүзүлөт.
Болжолдор он күндө, бир жумада жана бир нече күндө бир жаңыланат. 4-5 класстагы
өрт коопсуздугунун өзгөчө жана жогорку деңгээли катталса чукул эскертүүлөр
жиберилет. Алар Казгидрометтин сайтында жеткиликтүү
болот жана жарандарга СМС аркылуу билдирилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков