Мажилис мамлекеттик
башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү боюнча
аймактык борборду түзүү тууралуу Казакстан менен Эл аралык валюта фондунун
ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумун ратификациялады. Ал Алматы шаарында иштеп,
Кавказ, Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүн бириктирет. Демилге Казакстандын,
Армениянын, Азербайжандын, Грузиянын, Кыргызстандын, Монголиянын, Тажикстандын,
Түркмөнстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик кызматкерлеринин арасында акча-насыя
жана бюджеттик саясат, финансылык жөнгө салуу, ошондой эле макроэкономикалык
статистика жаатында тажрыйба жана билим алмашуу үчүн шарттарды түзөт. Ошол эле
учурда, документ эл аралык адистердин иш шарттарын тактап, борбордун функционалдык
мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Белгилей кетсек, документке 2024-жылы Вашингтондо
кол коюлган.
Тимур Сулейменов, Улуттук
банктын төрагасы:
– Казакстан 9 өлкө
үчүн борбор катары тандалып алынгандыгына байланыштуу, кошумча функционал жана түздөн-түз
иштеген кошумча адамдар пайда болду, ошондуктан функционалды, максаттарды,
милдеттерди, бул кызматкерлердин биздин аймакта болуу шарттарын тактоо зарылдыгы
келип чыкты. Бүгүнкү меморандум дал ушуга багытталган. Ал эми 2004-жылдан бери
мыйзамдык база мурунтан эле бар болчу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

