Шанхай Кызматташтык Уюмунун Астанадагы саммитине бир катар дүйнөлүк лидерлердин келиши Казакстандын дүйнөлүк аренада маанилүү оюнчу катары таанылып, кызыгууну пайда кылуунун белгиси. Бул уюмга мүчө болгондон кийин өлкө мамлекеттер ортосунда ишеним жана түшүнүшүү орното алды. Ал эми төрагалык кылуунун алкагында Шанхай Кызматташтык Уюмунун бардык мамлекеттеринин жалпы кызыкчылыктарын коргоо боюнча бир топ иштерди жасады. Бул тууралуу Индиянын Казакстандагы элчиси Нагендра Прасад билдирди. Анын айтымында, мындай масштабдуу иш-чаранын Астанада өтүшү өлкөнүн эл аралык аренадагы аброю чоң экенинен кабар берет. Казакстан көп тараптуу кызматташууга багытталган активдүү тышкы саясатты жүргүзүүдө. Алардын арасында былтыр уюмга төрагалык кылган Индия да бар. Элчи Индия дагы Казакстан менен өнөктөштүктү бекемдөөгө аракет кылууда. Ал эми саммитке катышуу ошонун белгиси дейт ал.
Нагендра Прасад, Индиянын Казакстандагы элчиси:
– Шанхай кызматташтык уюму өтө маанилүү аймактык бирикме. Биз 2017-жылы уюмга киргенибизде абдан толкунданганбыз. Ошондон бери биздин өнөктөштүгүбүз бекемделди. Индия Шанхай Кызматташтык Уюмунун саясий, экономикалык, маданий жана башка тармактардагы демилгелерине активдүү катышып келет. Өткөн жылы уюмга Индия төрагалык кылган. 130га жакын жолугушууларды өткөрдүк. Мен Казакстанды бул төрагалыкты ардактуу аткарып жаткандыгы менен куттуктап, Астанада бир катар мамлекет башчыларынын башын бириктире турган саммиттин өткөрүүдө ийгиликтерди каалайм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков