Борбор Азия илимпоздору казак мамлекетин түзүү тарыхын талкуулады

Борбор Азия жана түрк дүйнөсүнүн окумуштуулары менен серепчилери  Астанада казак мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын жана калыптанышын талкуулашты. Евразия улуттук университетинде белгилүү тарыхчы Сатай Сыздыковдун эл аралык конференциясы жана изилдөөлөр жыйнагынын бет ачары болуп өттү. Жолугушуунун катышуучуларынын айтымында, профессордун көп жылдык эмгеги Карлук жана Карахан мамлекеттеринин санжырасына жана маданиятына арналган. Алар казак мамлекеттүүлүгүнүн башаттарынын негизи болуп калды. Анын эмгеги окумуштуулардын отчетторуна негизделген жана изилдөө иштерине жардам берген. Алар ошондой эле өлкөбүздүн гана эмес, түрк дүйнөсүнүн башка өлкөлөрүнүн тарыхын мындан ары да терең изилдөөгө багыт боло алат.

Баубек Сомжүрек, Л.Н. Гумилев атындагы ЕУУ жогорку билим берүү мектебинин мүдүрү:

- Тарыхчылардын алдында биздин бай тарыхыбызды майда-чүйдөсүнө чейин изилдөө милдети турат. Президент Борбордук Азиядагы интеграциялык процесстерди жактайт. Бул саясий-экономикалык кызматташтык гана эмес, ошондой эле илимий-техникалык мамилелерди өнүктүрүү болуп саналат. Азыр биздин борбор азиялык окумуштуулар илимий кызматташтыктын алкагында кызматташып, тарыхты изилдөөгө катышып жатышат.

Рахмаил Сафаров, Тажик улуттук университетинин илимий кызматкери:

Бул аймак бизди келечекте биргелешкен долбоорлорду түзүүгө жана терең тарыхы бар баракчаларды ачууга үндөйт. Борбордук Азия регионунан, бардык республикалардан жана башка мамлекеттерден чогулган окумуштуулар өздөрүнүн мазмундуу баяндамалары, макалалары менен көп кылымдык цивилизациянын тарыхый барактарын толуктоого олуттуу салым кошот деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков