К.Токаев: маслихат-мамлекеттик бийликтин маанилүү тармагы

Маслихат-мамлекеттик бийликтин маанилүү бутагы. Мындай пикирин Касым-Жомарт Токаев Астанада өткөн бардык деңгээлдеги маслихат депутаттарынын республикалык форумунда айтты. Мамлекет башчысы 2022-жылы референдум аркылуу Конституцияга олуттуу өзгөртүүлөр киргизилгенине көңүл бурду. Учурда облустук маслихатка шайлоо аралаш система менен өтүп, райондук депутаттар мажоритардык жол менен гана шайланат. Масштабдуу реформанын натыйжасында саясий атаандаштык күчөдү. Маслихаттын трибунасында жаштардын жана аялдардын саны өстү. Президент маслихаттардын жергиликтүү экономикалык саясатка тийгизген таасирин мындан ары күчөтүү зарылдыгына көңүл бурду.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан  Республикасынын Президенти:

– Азыр жаңы бюджет жана салык Кодекстери иштелип жатат. Анда жергиликтүү өз алдынча башкарууну реформалоонун өзгөчөлүктөрү эске алынышы керек. Өкмөт айыл акимдеринин бюджетин түзүүнүн жана аны чыгымдоонун жолдорун кайра карап чыгуусу зарыл. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын финансылык өз алдынчалыгын жогорулатуу үчүн конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу кажет. Кодекстин долбоорлорун талкуулоого маслихаттар активдүү катышуусу керек. Жергиликтүү бюджеттин каражаттарын туура жана натыйжалуу бөлүштүрүү абдан маанилүү. Депутаттар бул маселеге чоң жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек.

Президент ошондой эле бир нече күндөн кийин өтө турган жалпы элдик референдумдун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Касым-Жомарт Токаев АЭСти курууга карата жоопкерчиликтүү жана чечкиндүү тандоо укугуна «элдин үнүн угуучу мамлекет» концепциясынын ачык ишке ашырылышы катары баа берди.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– АЭСти куруу боюнча өз позициямды мен бир нече жолу айткам. Дүйнөдөгү өнүгүүдөн четте калбоо үчүн, биз атаандаштыкта артыкчылыктарыбызды колдонушубуз керек. Эгер жарандар добуш берсе, бул көз карандысыз Казакстандын тарыхындагы эң ири долбоор болуп калат. Атомдук электр станциясын куруу узак мөөнөттүү долбоор. Бирок бул демилге ондогон жылдар бою өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн илгерилетет. Ошондой эле инженерлердин жана ар кандай тармактагы адистердин агымын даярдоого шарт түзөт. Бул анын артыкчылыктарын биздин азыркы жаштар жана келечек муундар көрөт дегенди билдирет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков