Казакстанда окумуштуулардын
макамы мыйзам жүзүндө бекитилет. Мажилис тиешелүү мыйзам долбоорун биринчи
окууда жактырды. Документ илимий-техникалык ишмердүүлүктү өркүндөтүүгө
багытталган жана жамааттык пайдалануудагы лабораторияларга
жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. Башкача айтканда, бардык илимий кызматкерлер
үчүн мамлекеттик буйрутма менен сатылып алынган жабдууларды орток пайдалануу
механизми иштелип чыгат. Бул өзгөрүүлөр предметтик олимпиадаларга жана илимий
долбоорлорго катышкан таланттуу балдарга мамлекеттик университеттердин
лабораторияларын акысыз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет. Ошондой эле мыйзамдарда
илимий ишмердүүлүктү каржылоо тартиби да өркүндөтүлдү.
Асхат Аймагамбетов, Парламент мажилисинин депутаты:
– Биз сунуштаган нормаларга ылайык, илимий
долбоордун башталуу мөөнөтү автоматтык түрдө үчтүн айынан эмес, так ошол
келишим түзүлгөн күндөн баштап белгилениши керек. Мыйзам долбоорунун алкагында
биз улуттук илимдер академиясынын ишин токтотуп турган бир нече маселени да
чечебиз. Анын квазимамлекеттик сектор субъектиси макамын мыйзам жүзүндө бекитебиз.
Бул академиянын мүлкүн калыптандыруу тартибин так жөнгө салууга, каржылоо
булактарын аныктоого жакшы мүмкүнчүлүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

