Казакстандык
CodiPlay стартабы Улуу
Британияда абройлуу сыйлыкка ээ болду. Жанадил Талдыбаевдин программалык
окуучуларды билим берүүгө жана үйрөтүүгө
арналган долбоору The PIEoneer Awards 2024 эл аралык сыйлыгынын
версиясы боюнча «билим
берүү»
категориясында жылдын мыкты «санариптик
инновациясы»
аталды. Сынакка 34 өлкөдөн келген
стартапчылар катышып, алар 20
түрдүү багыт боюнча билим берүү технологияларын сунушташты. Белгилей кетсек, стартап
Лондондо сертификациядан өтүп, EdTech Impact
платформасына кошулду.
Ал билим берүү мекемелерине мыкты чечимдерди табууга жардам берген
EdTech-өнүмдөрдү баалоо жана карап чыгууга арналган. CodiPlay билим берүү роботтору
категориясында 1-орунду ээледи. Ошондой
эле, «сабактар
жана ресурстар» категориясында EdTech
Impactтогу бардык стартаптардын ичинен 15-орунду ээледи.
Жанадил Талдыбаев, Ceo
жана CodiРlay негиздөөчүсү:
- Ecosystem Codiplay
(Екосистем Кодиплей) 3 онүмдү
камтыйт, бул балдарга
оюн ойноого, ошондой эле C++ (Сисиплас), Python (пайфан), жана Scratch (скрәтч) программаларын кураштырып, үйрөнүүгө мүмкүндүк берген
мобилдик тиркеме. Бизде мугалимдерге сабактарды уюштурууга көмөктөшкөн Coditeach
(кодитек) веб-платформасы бар. Ошондой эле, Codekit
(коудкит) робототехникасына
арналган жыйынтыктарды сунуштайбыз,
алардын жардамы
менен балдар IoT (АЙоуТИ) долбоорлорун, ошондой эле акылдуу үй, акылдуу жандыргыч,
белгишам жана
акылдуу тосмо сыяктуу интеллектуалдык
өнүмдөрдүн прототиптерин түзө алышат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков