Казакстанда дагы бир чет элдик ЖОЖнын филиалы ачылат

Казакстанда дагы бир чет элдик ЖОЖнын филиалы ачылат

Британ университетинин өкүлчүлүгү Актөбөдө өз ишин баштайт. Кош дипломдук программанын алкагында казакстандыктар аймактык университеттин документи менен бирге Heriot-Watt (Хериот-Уотт) окуу жайынын дипломун ала алышат.

Магжан Илиясов, Казакстандын Улуу Британиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:

- Британиянын билим сапаты дүйнөгө таанымал. Регион үчүн бул экономиканын абдан кирешелүү тармагы. Биздин максат – ошол тажрыйбаны топтоо үчүн Казакстан менен Британиянын университеттеринин ортосунда өнөктөштүк мамилелерди орнотууга көмөк көрсөтүү. Ошол аркылуу республикадагы жогорку окуу жайларынын киреше булагын Казакстандын экономикасынын негизги тармактарынын бирине айландыруу зарыл.

Казак университетинин базасында Британиянын билим берүү мекемесинин үч билим берүү программасы ачылат. Бул "Мунай жана газ бизнеси", "Электр энергетикасы" жана "Компьютердик инженерия" адистиктери боюнча бакалавр даражасы. Адистиктер  Актөбе облусунун талабына ылайык тандалып алынды. Демилге мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасын аткаруунун алкагында ишке ашырылууда.

Марк Биггс, HERIOT-WATT университетинин проректору:

- Хериот-Уотт университети үчүн дүйнөлүк деңгээлдеги билимди жеткиликтүү кылуу стратегиялык жаатта абдан маанилүү. Малайзияда, Дубайда окуу имараттарыбыз бар. Биз Кытай, Африка, Кариб деңизи чөлкөмүнүн өлкөлөрү менен кызматташтык түзүп, трансулуттук деңгээлде тажрыйба топтодук. Казакстанда да ийгиликтерге жетишебиз деп ишенебиз.

Жогорку окуу жайына абитуриенттерди кабыл алуу келерки жылы башталат. Белгилей кетсек, 2022-жылы өлкөдө чет элдик университеттердин 3 филиалы ачылды. Быйылкы жылы дагы 6 билим берүү мекемесинин өкүлчүлүгүн ачуу пландалууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков