Жамбыл облусундагы аскердик кампада 10дон ашык жарылуу болгон. Окуянын кесепетинен каза тапкандардын саны 9га жетти. Дайынсыз жоголгондор да бар. Ок-дарынын жаракалары 3 чакырымга чейин жетиши мүмкүн. Андыктан жакын жайгашкан 3 айылдын 220 тургуну эвакуацияланды. Азыр жарылуу токтогону менен калдыктары күйүп жатат. Анда негизинен инженердик ок-дарылар сакталган.
Нурлан Ермекбаев, КРнын Коргоо министри:
- Өрттү өчүрүүгө аскердик бөлүктүн өрт өчүрүүчүлөрү дароо киришти. Аскер бөлүгүнүн нөөмөтчүсү окуя тууралуу Түштүк аймактык командачылыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнө кабарлаган. Алгач өрт өчүрүүгө 500 адам тартылган, кийинчерээк ал миңге жетти. Коргоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин 24 техникасы тартылды.
Өрт кампанын имаратын толугу менен каптаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, анда 500 тоннадан ашуун тротил сакталган. Өрттүн очогуна жакын жердеги калктуу-конуштун тургундары Тараз шаарына эвакуацияланды.
Бердибек Сапарбаев, Жамбыл облусунун акими:
- Жардыруу болгон жерге жакын жайгашкан 3 калктуу конуш бар. Анын эң жакыны Кайнар айылы - 1 чакырым жерде жайгашкан. Ал эми калган экөөнүн аралыгы 5 чакырымды түзөт. Бул үч калктуу конушта 718 адам жашайт. Кечээ алардын баары башка жерлерге, тагырак айтканда, биз даярдаган 10 мектеп менен 5 колледждин жатаканаларына жайгаштырылды.
Айта кетсек, баш оона айынын 26да кечки саат жетилер чамасында Тараз шаарынын жанындагы аскердик кампада жарылуу болгон. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Өрттү өчүрүү үчүн Алматы менен Шымкенттен кошумча күчтөр тартылган. Азыр кырдаал көзөмөлдө. Кырсык болгон аймак авиациянын жардамы менен дыкат текшерилип жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков