Борбор калаадан Ikomek борборуна түшкөн арыздардын үчтөн биринен көбү Omicron штаммына байланыштуу болгон. Мындай маалыматты жаңы жылдын биринчи айынын жыйынтыгын чыгарган борбордун адистери билдиришти. Жалпысынан үчтүн айында алардын кызматына 224 миңден ашык адам кайрылган. Алардын 72 миңи ден соолук боюнча кеңешке муктаж болгон. Шаардын борборунун башчысы Жаннат Дубированын айтымында, арыздардын 97,5%ы канааттандырылган.
Жаннат Дүбирова, Нур-Султан шаарынын Ikomek борборунун башчысы:
- Үстүбүздөгү жылдын үчтүн айында тургундар негизинен коронавирустук инфекциянын белгилери, клиникага каттоого туруу, дарыгерге же үйгө мобилдик топторду чакыруу сыяктуу маселелер менен кайрылышкан. Мындан тышкары, айдын аягында каттоодо турган клиникалардын байланыш телефондору жана эмдөө менен ревакцинацияга байланышкан чалуулар көбөйгөн. Башкача айтканда, дүйнөлүк коомчулукту түйшөлткөн омикрон штаммынын жайылышы борбор калаанын тургундарын абдан тынчсыздандырып жатканын түшүндүк.
Ikomek бирдиктүү байланыш кызматы 2018-жылдан бери иштеп келет. Ал АКШ менен Канададагы ушундай борборлордун тажрыйбасына негизделген. Бул жерге адамдар ден соолук, билим берүү, коомдук транспорт жана жалпы эле шаар турмушу боюнча кайрыла алышат. Операторлор менен 109 телефон номуруна чалуу аркылуу же социалдык тармактар, мобилдик тиркемелер аркылуу байланышса болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков