Индустриалдык-инновациялык өнүктүрүү жана атайын экономикалык аймактарды ачуу программасы чийки затка болгон көз карандылыктан арылууга жана өндүрүштү жаңы багытта өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Индустриализациянын алкагында Шымкентте 5 аянтча иштеп жатат. 337 инвестициялык долбоор ишке ашырылган. Бардык ишканалар мамлекет тарабынан колдоого алынды. Алардын бири трансформатор чыгаруучу завод. Жаңыдан күч алган өндүрүш ишканасы бүгүнкү күндө дүйнөлүк рынокко чыгууга далалат кылууда.
Манат Бибасов, өнөктөштүк мүдүрү:
- Мамлекет тарабынан колдоо албетте жогору. Биз Түштүк атайын экономикалык аймагынын мүчөсү катары катталганбыз жана бул атайын экономикалык аймактын мүчөсүнө Өкмөт тарабынан берилген бардык артыкчылыктарды алабыз.
Нурбол Еребаев, ЖЧК уюштуруучусу:
- Мамлекеттен жардам алдык. Бизге өнөр жай аймагынан жер бөлүнүп берилди. Азыркы учурда, 3000 чарчы метр өз өндүрүштүк базасы бар. Эми дүйнөлүк рынокко чыгууну пландап жатабыз. Максат Казакстан, Кыргызстан, КМШ өлкөлөрүнө эмес, бүт дүйнөгө жайылтуу ниетибиз бар.
Негизинен бардык инфраструктурасы менен камсыз болгон атайын экономикалык аймакка инвесторлор көп келет. Мындан тышкары бул жерде 5 жаңы өндүрүштүк аянтча курулуп жатат.
Береке Дүйсебеков, шаардык ишкердик жана Индустриалдык-инновациялык өнүктүрүү башкармасынын башчысы:
- Жаңы түзүлгөн 5 индустриалдык паркыбызга 400 миллиард теңгеге 300 долбоор кошулат деген планыбыз бар. Натыйжада шаарыбызда 10 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлөт. Азыркы тапта коңшу Өзбекстан, Орусия сыяктуу чет элдик инвесторлор күн сайын келип жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков