2023-жылдан тарта «Күмүш курак» долбооруна 50 жаштан жогорку жарандар катыша алат. Эске сала кетсек, программанын алкагында пенсия курагындагы жарандарды ишке орноштуруу максатында жумуш орундары ачылды. Эми долбоордун аркасында 58 жаштан жогорку казакстандыктар жумуш таба алышат. Кошумчалай кетсек, келерки жылдан тарта Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, катышуу мөөнөтү 36 айга чейин, ошондой эле катышуучулардын эмгек акысы боюнча, берилүүчү субсидиялардын көлөмү көбөйтүлдү. Долбоордун алкагында «жеке жардамчы» жана «социалдык кызматкер» кесиптери боюнча жумушка орношууга болот. Жалпысынан республика боюнча жыл сайын 15 миңден кем эмес адамды иш менен камсыз кылуу пландаштырылып жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков