Жумуш берүүчү курат, чыгымдарды мамлекет субсидиялайт. Жаңы эрежелер менен Казакстандын айылдарында турак жай курула баштайт. Ага ылайык, курулушка кеткен чыгымдын жарымы мамлекеттин эсебинен каржыланат, бирок үй пайдаланууга берилген учурда гана. Белгилей кетсек, сөз айыл чарбасына байланыштуу ишканалар жөнүндө болуп жатат.
Алексей Ищук, Өнүктүрүү министрлигинин турак жай курулуш башкармалыгынын башкы адиси:
- Субсидиянын негизги максаты - жумуш берүүчүгө турак жай курууга кеткен чыгымдарды минималдаштырууга жардам берүү. Аны менен катар, эң негизгиси - бул айылга квалификациялуу адистерди тартуу.
Үйдүн аянты 100 чарчы метрден кем болбошу керек. Бир метрдин баасы 100 миң теңгеден ашпашы шарт. Бул үйлөрдө беш жыл жашагандан кийин, жумушчулар аларды кайра сатып ала алышат. Анын үстүнө, бул баштапкы наркынан эки эсе арзан. Адистердин айтымында, жыл сайын айылдардан шаарларга 500 миңге жакын адам көчүп келишет. Жаңы эрежелер урбанизация жараянын токтотуу максатында иштелип чыккан. Бул боюнча шаар тургундары кандай ойдо жана айылга жеткиликтүү турак жай алуу үчүн барууга даярбы?
Блиц:
-Мен бармакмын. Жумуш жакшы болсун үчүн, жаратылышта жашоо үчүн. Эгерде мен үчүн бардык шарттар түзүлгөн болсо, мен албетте бармакмын.
-Жок, мен бармак эмесмин. Негизи жаштарга шаар жакшы го. Жумуш бар. Мен өзүм 2010-жылы айылдан көчүп келгем.
-Мен бул жерде окуйм, бирок айылда 3 жыл иштешим керек, жана мен үчүн бул маселе эмес деп ойлойм. Мен бармакмын.
Ошентип, пикирлер эки ача чыкты. Бир сөз менен айтканда, ушул жылдын аягына чейин мыйзам кабыл алынат. Ал эми кийинки кезекте - курулушка делген каражаттын биринчи траншы бөлүнүп берилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков