Жыгач уста улуттук баалуулукту даңазалайт

Жыгач уста улуттук баалуулукту даңазалайт

Казакстандык уста өз өнөрү аркылуу улуттук баалуулуктарды даңазалап жүрөт. Түркестандык Нурсултан Пернесейит коноктор үчүн эт тарткан табак, кымыз куйган чөйчөк жана башка ушул сыяктуу түрдүү салттуу идиш-аяктарды жана эмеректердин түрүн жасайт. Мунун баарын өз колу менен жасаган жигит жакында эле мамлекеттик грантты утуп, жыгач иштетүүчү станок сатып алды. Азыр үйүнөн чакан чеберкана ачып, бизнесин кеңейтүүдө. Колго жасалган табигый жана таза өнүмгө делген суроо-талап көп экендигин айтат.

Нурсултан Пернесейитов, чебер:

- Биринчи кезекте компьютердик программанын жардамы менен оймо-чиймелерин чийип алабыз. Андан кийин аны флэшкага салып, аппаратка туташтырабыз. Ал мындан ары да өз ишин жасай берет. Ар бир оюмду оюп жатканда курчутуучу бычактарды алмаштырып, кесүү 1,5-2 саатта 1 жасалат. Жаңгак жыгачынан жасалып, аны биз айыл тургундарынан сатып алабыз. Жыгачты кесип жатканда отун болуп кетпесин деп, казак буюмдарын өлкөгө сунуштайбыз.

Чебер идиш-аяк буюмдарын жалаң жаңгак жыгачынан жасайт. Анткени ал абдан бекем жана бышык келет. Башка жыгачтардай тез жарылбайт. Алгач көлөкө жерге 1 жыл кургатылат, андан кийин гана буюм жасалат. Бул өнөр чоң атасынан калган. Эски ыкманы кайра жандантып жаткан чебердин максаты – ата кесибин кийинки муунга өткөрүп берүү, казак оюмунун канык боёкторун сиңирүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков