Кызылорда облусундагы байыркы шаардан ири күмбөз табылды

Кызылорда облусундагы байыркы шаардан ири күмбөз табылды

Алгачкы казуулар башталгандан бери археологдор 4 күмбөздү кезиктиришти. Дубалынын оюулары курч бычак менен кесилген чоң имараттын узундугу 28 метр, туурасы 20 метрди түзөт. Эл арасында Кышкала аталган Баршынкенттеги объектте Кожа Ахмет Яссауи мавзолейиндеги казан сыяктуу зыярат кылуучу жай аныкталды. Ал эми каршы тараптан күмбөздөн туруктуу жашаган адамдын жер астындагы мүрзөсү табылды. Ошентип, Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан шаар Алтын Ордо доорунда гүлдөп, ири экономикалык борбор болгондугу илимий жактан далилденди.

Мадияр Елеуов, тарых илимдеринин доктору:

- Үргениш менен борбордук Казакстан аркылуу азыркы Астанага чейин жол болгон. Бир жол ушул дарыянын жээгинен өткөн. Андан кийин Самарканд менен Бухарага баруучу жол бар. Мисалы, бул жерден кытайдын тыйыны, Инди океанынын жээгинен майда курт-кумурскалар табылды. Ал балыктын, пилдин, киттин сүрөтүн тарткан. Бул деген Улуу Жибек жолу өткөндүгүнө түздөн түз далили болуп саналат.

Алпамыс баатырдын жубайы Гүлбаршын атындагы шаарча казак элинин ар кыл доорлорунун күбөсү экенин тарыхчылар айтып келишет. Сыр дарыясынын төмөнкү агымындагы шаарларды басып алууга барган Чыңгыз хандын уулу Жочу шаарды талкалаш үчүн дарыянын нугун ушул Баршынкентке бурган. Суу астында калганына карабай, археологдор бул жердеги буюмдар жакшы сакталганын айтышат. Алдыдагы убакытта тарыхчылар Баршынкентти корук-музейге айландыруу боюнча жергиликтүү бийликке сунуш киргизүүнү пландоодо. Бул келечекте корукка туристтерди көбүрөөк тартуусу мүмкүн.

Ергазы Алданазаров, тарыхый-маданий эстеликтерди коргоо мамлекеттик мекемесинин мүдүрү:

- Туристтерди тартуу максатында райондун, айылдын окуучуларынан баштасак деп жатабыз. Балдардын кызыгуусун арттыруу, балдарды алып келүү, көрсөтүү, тааныштыруу, тарыхын айтып берүү максатында ар кандай иш-чаралар уюштурулат.

Жалпысынан быйыл Сыр аймагында Баршынкенттен башка Сыганак, Жанкент шаарларында да археологиялык казуу иштери жүргүзүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков