Өкмөт полициянын атайын бөлүмдөрүн жана Улуттук Гвардиянын жабдылышына каражат бөлдү

Өкмөт полициянын атайын бөлүмдөрүн жана Улуттук Гвардиянын жабдылышына каражат бөлдү

Өкмөттүн резервдик фондунан ички иштер органдарынын атайын күчтөрүн жана Улуттук гвардияны жабдууга каражат бөлүндү. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Алихан Смаиловдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында белгилүү болду. Мындан тышкары, азыр министрлер кабинети күч түзүмдөрүнүн курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүү боюнча чараларды көрүп жатат.

Алихан Смаилов, Казакстан Республикасынын Премьер-Министринин милдетин аткаруучу:

- Үстүбүздөгү жыл абдан татаал жана драмалык окуялар менен башталды. Казакстан деструктивдүү күчтөрдүн болуп көрбөгөндөй агрессиясына туш болду. Эң ири мегаполис Алматы жана көптөгөн облусттук борборлор террористтердин жана бандиттердин чабуулуна кабылды. Тартипти жана мыйзамдуулукту калыбына келтирүү полициянын жана аскер кызматкерлеринин өмүрүн кыйды. Бүгүн Казакстанда аза күтүү күнү жарыяланды, каза болгондордун жакындарына көңүл айтам.

Ошондой эле, Алихан Смаилов социалдык мааниге ээ товарлардын баасын турукташтырууну камсыз кылууну жана калктын социалдык аялуу катмары үчүн экинчи кезектеги турак жайдын ижара акысынын бир бөлүгүн субсидиялоо механизмин иштеп чыгууну тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков