Мамлекет башчысы Испания Королуна көңүл айтуу телеграммасын жиберди

Мамлекет башчысы Испания Королуна көңүл айтуу телеграммасын жиберди

Касым-Жомарт Токаев Испанияда жаратылыш кырсыгынан көптөгөн адамдар курман болгондугуна байланыштуу Казакстан элинин жана өзүнүн атынан падыша VI Фелипеге көңүл айтты. Президент жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалады. Белгилей кетсек, Испанияда акыркы жарым кылымдагы эң кыйратуучу табигый кырсыктан 150дөн ашуун адам каза тапты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков