Казакстандын президенти
борбор калаадагы бир катар объектилер менен таанышты. Шаар боюнча иш сапар -
Kazakhstan International School Astanaга баруу менен башталды. Окуу жайы
800 мектеп окуучусуна жана мектепке чейинки курактагы 120 балага ылайыкталган.
Объект 20 миң чарчы метрден ашык аймакта жайгашкан. Эл аралык бакалавриат каттоосу бар мектепте
окуу класстары заманбап технологиялар менен жабдылган. Бул ар бир
окуучунун дараметин ачууга мүмкүндүк берет.
Андан кийин
президент QazSwimAcademy заманбап
спорт борборуна барды. Уникалдуу
комплекс сууда сүзүүчүлөрдү даярдоонун толук спектрин жүзөгө ашырууга
мүмкүнчүлүк берет. Балдар жана чоңдор үчүн ар кандай узундуктагы беш бассейн
бар. Академиянын бассейндери суунун курамын автоматтык анализдөө жана
реагенттердин дозасын так өлчөө үчүн испан системалары менен жабдылган. Мындан
тышкары, объектте атайын машыгуу
куралдары бар. Касым-Жомарт Токаев спортчулар менен маектешип
жатып, мамлекет спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп
жатканын белгиледи.
Мамлекет башчысы Евразия улуттук университетинин
студенттеринин үйүндө да болду. Жатакана үч заманбап бөлүктөн турат, аларда
студенттердин жашоосу жана окуусу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Курулуштун
жүрүшүндө өзгөчө муктаждыгы бар студенттердин суроо-талаптары эске алынды. Дизайн
жана инфраструктура тоскоолдуксуз чөйрөнүн талаптарына толук жооп берет.
Президент чет элдик университеттердин филиалдарын ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан
иштерге оң баасын берип, билим берүү жана жаштар алмашуу жаатындагы эл аралык
кызматташтыктын маанилүүлүгүнө көңүл бурду.
- Биз ЕУУнун студенттерибиз, жогорку билимге ээ болуп,
өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүшү үчүн иштейбиз.
- Биздин бүгүнкү милдетибиз – илим жана технологияны
үйрөнүү, дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүшүнө салым кошуу. Бул үчүн мамлекет
бардык шарттарды түздү.
Кийинки кыдыруу пункттары электровоз чыгаруучу завод жана курулуш индустриясынын объектилери болду. Биринчи ишкана Alstom француз компаниясы тарабынан индустриялаштыруу программасынын алкагында ишке киргизилген жана Астананын №1 индустриалдык аймагында жайгашкан. Бул жерде локомотивдин кузовдору, трансформаторлор, төмөнкү вольттогу жана жогорку вольттогу шкафтар жана башка компоненттер чыгарылат. Атамекендик темир жол кластеринин өнүмдөрү менен таанышкандан кийин Касым-Жомарт Токаев тротуар мештерин чыгаруучу Asyl Qala заводуна барды. Ишкананын өнүмү Астана жана Казакстандын башка шаарларын көрктөндүрүүдө активдүү колдонулууда. Андан соң мамлекет башчысы Автоклавдык газоблокторду чыгарган заводду көрүп чыкты. Ишкана жылына 150 миң чарчы метр өнүм чыгарууга жөндөмдүү. Касым-Жомарт Токаев курулуш тармагын экономиканын маанилүү багыты деп атап, жергиликтүү өнүмдү өндүрүүнү көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

