Казакстанда канттын тартыштыгы жок. Бул жаатта өлкөдө 37 миң тонна кант кызылчасы өндүрүлө турганын Айыл чарба министрлиги билдирди. Учурда жергиликтүү аткаруу органдарынын турукташтыруу фонддору кантты арзан баада сатууда. Ал эми облустук соода тармактарынын калкка өнүмдүн белгилүү бир өлчөмүн сатуу - алып-сатаарлардын спекуляциялык аракетин тыюу үчүн колго алынган чара. Өнүм бардык базарларда жана башка соода жайларында рынок баасында эркин сатылып жатат. Белгилей кетсек, ата мекендик заводдордо кант өндүрүү эч качан токтогон эмес. Республикадагы жалпы кору 27 миң тоннага жакын.
Дамир Егизбаев, Казакстандын айыл чарба министрлигинин басма сөз катчысы:
- «Азык-түлүк корпорациясы» акционердик коому ички рынокто кантты жеткирүү менен алектенет. Региондорду кант менен камсыздоону ыкчам уюштуруу максатында министрлик кызыктар тараптар менен биргеликте Казакстандын аймагы боюнча темир жол транспорту аркылуу жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууну ишке ашырууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков