Мындай тапшырма Өкмөттүн алдына коюлду. Буга байланыштуу жарандардын жеке бизнесин ачуу жана өнүктүрүү боюнча демилгелерин максималдуу колдоого артыкчылык берилет. Маселен, акимчиликтер бизнес ачууга жана аны жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн жол, электр энергия, суу, жылуулук менен камсыздоо сыяктуу инфраструктуралык көйгөйлөрдү өз убагында чечиши керек. Бизнестин үлүшүн көбөйтүү жана анын базасын кеңейтүү биринчи кезекте кошумча жумуш орундарын ачууга шарт түзөт. Буга байланыштуу ар бир 10 миң кишиге 100 жумушчу орун түзүү көздөлүп жатат. Эске сала кетсек, 2022-жылдын аягына карата чакан жана орто бизнестин үлүшү 36%га өсүп, иштеп жаткан объектилердин саны 1,8 миллионго жеткен. Натыйжада өндүрүштө иштегендердин саны 4 миллиондон ашты. Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча Алматы шаары алдыда. Ошондой эле бул көрсөткүч боюнча борбор Астана, Шымкент, Түркестан жана Кызылорда облустары алдыда келе жатат. Өткөн жылы мамлекеттик каржылык колдоонун алкагында ата мекендик ишкерлердин жалпы суммасы 1 триллион теңгеге жакын 24 жарым миң долбоору субсидияланган. Мындан тышкары, чакан жана орто бизнес объектилеринде жаңы бизнес-идеяларды ишке ашырууга 3 миллиард теңгеден ашык суммага 800дөн ашык гранттар берилди. Эмгек жана элди социалдык жактан коргоо министрлигинин тармакты колдоонун дагы бир чарасы жаштарга жылдык 2,5% өлчөмүндө мамлекеттик гранттарды жана чакан насыяларды берүү болуп саналат. Бул үчүн 41 миллиард теңгеден ашык каражат каралган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков