Казакстандын
агроөнөр жай комплекси туруктуу өнүгүү темпин көрсөтүп жатат. Быйыл 7 айда айыл
чарбасынын жалпы өндүрүш көлөмү 3,7% өсүп, эки жарым трлн теңгеге жакындады.
Экспорт дагы өстү. Былтыр анын көлөмү 5 млрд доллардан ашып, анын жарымынан
көбү кайра иштетилген өнүмдүн үлүшүнө тиешелүү болду. Бул багыттагы өсүү 43%
түздү. Дан жана унду тышкы рынокторго жеткирүү көлөмү дагы үчтөн бирге көбөйүп,
12 жарым млн тоннага жетти. Мындай жаңы көрсөткүчтөр дыйкандарды мамлекеттик
колдоо чараларынын жемиши. Бул тууралуу мекеме башчысы билдирди. Ал
Президенттин айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө байланыштуу берилген
тапшырмаларынын аткарылышы менен бөлүштү. Айдарбек Сапаровдун маалыматы боюнча,
«Кең дала» жеңилдетилген насыялоо программасына быйыл биринчи жолу 700 млрд
теңге бөлүндү. Айыл чарба техникасын жаңыртууга 250 млрд теңге багытталган. Бул
өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Жалпы 7 айдын ичинде тармактын негизги
капиталына салынган инвестициялар 710 млрд теңгени түздү. Азыр өлкөдө 280 ашык
жаңы долбоор ишке ашырылууда. Суу үнөмдөө технологиялары дагы активдүү
киргизилип жатат.
Айдарбек Сапаров,
айыл чарба министри:
- Мамлекет башчысы
жыл сайын 150 миң гектарга чейин суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүүнү
тапшырган болчу. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча бул план ашыгы менен аткарылып,
158 миң Га түздү. Ал эми быйыл суу үнөмдөөчү технологиялар азыркы учурда 109
миң Га аянтка киргизилди. Жалпысынан мындай ыкмалар колдонулган сугат жер
көлөмү 580 миң Га көбөйдү. Мамлекеттик колдоо чараларын ишке ашыруу бүткүл өнөр
жай комплексине оң таасирин тийгизди. Былтыркы жыйынтыкка ылайык, айыл
чарбасынын жалпы өнүм көлөмү 13,7% өсүп, 8,3 трлн теңгеге жетти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

