Актөбө индустриалдык зонасында иштеп баштаган эки жаңы ишкана 11 млрд теңге инвестиция тартты. Алар тамак-аш продукциялары үчүн таңгак жана кургак курулуш аралашмаларын чыгарышат. Облус акимчилигинин маалыматы боюнча, учурда индустриалдык зонанын 90 пайызы өздөштүрүлгөн. Ал азыртадан эле региондун өнөр жай жана инвестициялык потенциалын өнүктүрүүнүн негизги механизмдеринин бири болуп саналат. Бул жерде жайгашкан өндүрүштөр көлөмүн көбөйтүп, Актөбөнүн ИДӨсүнө олуттуу салым кошууда. Бүгүнкү күндө зонанын аймагында химиялык өнөр жайында, курулуш материалдарын өндүрүүдө жана кайра иштетүүдө 17 долбоор ийгиликтүү ишке ашырылды. Азыр бул жерде бир катар жаңы долбоорлор пландаштырылган. Инвесторлорду бул жерде түзүлгөн жагымдуу шарттар кызыктырат. Атап айтканда, иштеп жаткан инфраструктура, ижарага жеңилдиктер.
Акнур
Жусипова, «Актөбе» социалдык ишкердик компаниясынын инвесторлор
менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси:
- Бүгүнкү күндө 834 жумушчу орунду түзүү мүмкүнчүлүгү бар 88,3 млрд. теңгеге дагы 10 долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Бүгүнкү күнгө карата Актөбе индустриалдык зонасына инвестиция тартуу боюнча белгилүү талаптар коюлган. Алардын бири – бир гектар жер тилкесине кеминде 350 млн теңге тартуу керек. Ошондой эле жер тилкесин толугу менен өздөштүрүү милдеттүү шарт болуп саналат. 2024-2025-жылдары Актөбе индустриалдык зонасына 85,7 млрд теңге инвестиция тартылган. Бул индустриалдык зонаны аймактагы бизнес жана инновация үчүн эң жагымдуу аянтчалардын бирине айлантат.
Которгон: Назира Бегалиева

