Казак тарыхы жаңы маалыматтарга толот

Казак тарыхы жаңы маалыматтарга толот

Казакстандын окумуштуулары жети томдук «Казакстан тарыхы» академиялык жыйнагын аяктоо алдында. Көп томдук бештин айында чыгат. Анда өлкөбүздүн тарыхы, дини жана маданияты, Борбордук Азия жана Чыгыш өлкөлөрүнүн элдери тууралуу экспонаттар киргизилет. Белгилей кетсек, изилдөө иштеринин жүрүшүндө тарыхчылар Казак хандыгы Батыш менен алака түзгөнүн аныкташкан. Мисалы, колго жасалган кенеп Бёрн тарых музейинде сакталып турат. 19-кылымда казак султаны Баймухаммед швейцариялык дипломатка белекке берген. Ошондой эле музейдин коллекциясында балта, ат жабдыктар, дубал килемдери сыяктуу экспонаттардын болушу эки өлкөнүн ортосунда тыгыз маданий байланыш болгонун далилдейт. Ошол эле учурда перс, араб, моңгол, армян жана башка элдерде казактар ​​тууралуу маалыматтар бар.

Галымжан Дүйсен, Казакстандын Чыгыш таануу институтунун башкы мүдүрүнүн орун басары:

Бул жети томдуктун негизги максаты — Казакстандын тарыхын жаңыча көз караштан таануу. Ошондуктан биздин Чыгыш таануу институту өзгөчө ошол тилдерде жазылган чыгыш, батыш, европалык архивдик материалдарды казак тилине которуп, илимий жүгүртүүгө киргизүү.

Меруерт Абусейитова, Чыгыш таануу институтунун тарыхый материалдарды изилдөө маалымат борборунун мүдүрү:

Биз бүгүн иштеген Ватикан китепканасы жөнүндө көп сүйлөштүк. Италиянын жана Ватикандын китепканаларынан биз батыш европалык саякатчылардын биздин кенен талааларыбызды кыдырып, жаны маалыматтарды чогулткан жазууларын алып келдик. Алар көптөгөн оригиналдуу карталарды, изилдөөлөрдү, жазууларды калтырышкан. Муну менен эми тарыхыбызды толуктайбыз деп ойлойбуз. Мындан тышкары, албетте, 1868-1869-жылдары Казакстандын түштүгүндө жана Улуу тоодо төрт жолу болгон швейцариялык саякатчы Анри Мозерди айта кетели. Ал чогулткан маалыматтар азыр Швейцариянын Бёрн тарых музейинде сакталып турат. Бизде бул материалдардын көчүрмөлөрү бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков