Жапониядагы EXPO-2025
көргөзмөсүндөгү Түркмөнстан павильонуна келгендердин саны күндөн-күнгө өсүүдө. Аянтча
маанилүү иш-чаранын катышуучуларынын арасында үчүнчү орунду ээледи. Конокторду
экспозициялык залдын уникалдуу дизайны кызыктырып жатат. Анда заманбап
архитектура менен улуттук мотивдер айкалышкан. Каракум чөлү, түркмөн килеми
жана акалтеке жылкыларынын сүрөттөрү чеберчилик менен сунушталган. Павильон үч
деңгээлден турат. Биринчисинде, өлкөнүн тарыхы, каада-салты жана бай табияты тууралуу
көптөгөн маалыматтар бар. Бул аймакта виртуалдык тур жасоого болот.
Экинчиси-өлкөнүн жетишкендиктерин чагылдырат. Ал эми үчүнчүсүндө музей
экспонаттары жана улуттук ашкана сыяктуу элдин маданий баалуулуктары менен
таанышууга мүмкүнчүлүк бар.
Рокуро
Каматари, көргөзмөнүн коногу:
- Сунушталган маданий байлыктардын
көптүгү жана товарлардын ар түрдүүлүгү мени таң калтырды. Мен өлкөнүн
экономикалык жашоосу канчалык көп кырдуу жана жигердүү экенине ынандым.
Түркмөнстанда канча деген өнүм өндүрүлүп жатканына таң калдык! Павильонго
болгон сапарым мен үчүн чыныгы агартуучу саякат болду. Көптөгөн жаңы нерселерди
ачты.
Такахаси
Танака, Осако шаарынын тургуну/Жапония:
- Мага өзгөчө экспозициялардын биринде
көрсөтүлгөн жаратылыш менен шаардын айкалышы жакты. Түркмөнстандын ЭКСПО шаарчасындагы
павильону ар бир конокту кызыктыра турган жана меймандарга чын жүрөктөн кубаныч
тартуулай турган жагымдуу борборго айланды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

