Казакстан менен Өзбекстан өз ара соода алаканы 10 миллиард долларга жеткирүүгө кызыкдар

Казакстан менен Өзбекстан өз ара соода алаканы 10 миллиард долларга жеткирүүгө кызыкдар

Борбор Азиядагы сооданын дээрлик жарымы Казакстан менен Өзбекстанга туура келет. Тараптар азыр бардык багыттар боюнча кызматташуунун чөйрөсүн кеңейтүүдө. Ал соода-экономикалык багытта эле эмес, инвестициялык жана суу-энергетикалык багытта да күч алууда. Ошондой эле, эки өлкө транспорт, өнөр жай, айыл чарба, экология жана санариптештирүү тармагындагы иш-аракеттерди жигердүү өнүктүрүүдө. Муну акыркы статистикалык маалыматтар тастыктап турат. Маселен, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара соода жүгүртүү 4,5 миллиард долларды түздү. Үстүбүздөгү жылдын 4 айында да телекоммуникация басаңдабай, АКШ валютасында 1,2 миллиарддан ашты. Жалпысынан кийинки 5 жылда өз ара соода 30%га өстү. Ал эми өнөр жай кооперациясына келсек, жалпы баасы 3 миллиард доллардан ашкан 69 биргелешкен долбоор колго алынган. Бүгүнкү күндө 217 миллион теңгеге 12 долбоор ишке кирди. Азыркы тапта 178 миллион долларлык 3 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Мындан тышкары, өлкөлөр унаа жасоо тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана биргелешкен жаңы өнөр жай өндүрүштөрүн түзүүгө кызыкдар. Ал эми Казакстан менен Өзбекстандын мамлекет башчыларынын өкмөттөрүнүн алдына койгон негизги максаты - соода көлөмүн 10 миллиард долларга жеткирүү. Дарамет бар. Бул үчүн жакында кол коюлган эки тараптуу кызматташуу боюнча атайын документтин алкагында конкреттүү чаралар колго алынат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков