Казакстандык даяр өнүмдөргө суроо-талап өсүп келүүдө. Өткөн жылы чийки эмес товарлардын экспорту 12% га өскөн. Ушул жылдын эки айында эле 3,6 миллиард долларга кайра иштетилген өнүм сатылды. Бул жаатта, кайра иштетүү, унаа жасоо, химиялык жана тамак-аш өнөр жайы алдыда. Ошентип, атамекендик чийки эмес экспорттун үлүшү 35%га жетти. Көбүнчө Казакстандан Орусия, Кытай, Түркия, Өзбекстан, Кыргызстан импорттойт. Жергиликтүү ишканалар өткөн жылы биринчи жолу Мавритания, Лаос, Ямайка, Габон жана Зимбабвенин базарларына чыкты.
Бауыржан Болганисов, Соода жана интеграция министрлигинин экспортту жогорулатуу департаментинин мүдүрү:
- Ошондой эле Казакстандын элчиликтеринде 5 мамлекеттин соода жана интеграция министрлигинин өкүлдөрү дайындалды. Алар Индиядагы эки өкүл, КЭРдеги эки өкүл жана Түркия, Иран, БАЭ. Мындан тышкары, биз азыр ири кытай рыногунда абдан интенсивдүү иштеп жатабыз. Ошондой эле министрлик тарабынан атайын экономикалык зоналар түрүндөгү трансчегаралык хабдарды түзүү жана өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Айтмухамед Алджаров, «QAZTRADE» соода саясатын өнүктүрүү борборунун башкы мүдүрү:
- Бүгүнкү күндө биз казакстандык товарларды JD.com, Douyin, Europages, Alibaba.com. сыяктуу ири маркетплейстердин улуттук павильондорунда сунуштайбыз. Тактап айтканда, атамекендик өнүмдөр онлайн соодада да суроо-талапка ээ. Бул аянтчалар санариптик чечимдерди колдонуп, товар менен чек арадан өтпөстөн экспортту жигердүү жайылтууга жардам берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

