Өкмөттө ишкердикти өнүктүрүү жолдору каралды

Өкмөттө ишкердикти өнүктүрүү жолдору каралды

Бизнес менен конструктивдүү диалогду түзүү аркылуу өлкөдө ыңгайлуу бизнес климатын калыпташтыруу.  Бул тууралуу бүгүн өкмөттөн билдиришти. Анда бизнес чөйрөсүн жакшыртуу максатында ишкердикти өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштар каралды. Тактап айтканда, бул экономикалык чөйрөдө жаштардын ишкердигин колдоо, айыл жериндеги бизнестин кадрдык дараметин чыңдоо, салык жүгүн азайтуу. Ошол эле учурда ата мекендик ишкерлерди мамлекеттик бийлик органдарынын негизсиз кийлигишүүсүнөн коргоо зарыл. Мындан тышкары, министрлер кабинети ата мекендик айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн субсидиялоо системасын кайра карап, ишкердикти өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууну тапшырды. Акыркы пункт боюнча жоопкерчилик Улуттук экономика министрлигине, тиешелүү мамлекеттик органдарга жана Улуттук ишкерлер палатасына жүктөлдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков