Тбилисиде серепчилер, саясат таануучулар жана медиа өкүлдөрү экономикалык реформаларды, ошондой эле өлкөдөгү парламенттик шайлоону талкуулашты. «Тегерек столдун» катышуучулары Казакстан саясий каатчылыктан чыга алганын жана Батыш менен Чыгыш өлкөлөрүнүн ортосундагы негизги звеного айланганын белгилешти. Кошумчалай кетсек, Казакстандагы президенттик шайлоодо байкоочу болгон грузиялык серепчилер өлкөнүн саясий маданиятынын жогорку деңгээлин белгилеп өтүштү.
Вахтанг Майская, Кавказ эл аралык университетиин профессору:
- Үч жылдын ичинде көптөгөн маанилүү саясий чечимдер кабыл алынды. Тактап айтканда, азыркы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү, президенттик шайлоо менен парламенттик шайлоону өткөрүү. Казак элинин жаңы типтеги саясий консенсустун жаңы түрүн курганы мисал боло алат. Бул поляризациянын деңгээли өтө жогору болгон Грузиянын саясаты үчүн да абдан маанилүү деп айтат элем.
Которгон: Илгиз Жамалбеков