Казакстан АКШнын алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири
менен кызматташтыкты кеңейтүүгө ниеттенүүдө. Биргелешкен билим берүү
программаларын, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана технологияларды трансферттөө
келечегин Премьер-министр Олжас Бектенов Аризона университетинин президенти
Суреш Гаримелла менен талкуулады. Бүгүнкү күндө Манаш Козыбаев атындагы Түндүк
Казакстан университетинин жана Аризона университетинин биргелешкен программалары
боюнча 1 200дөн ашык студент билим алууда, ал эми ушул жылы алгачкы
бүтүрүүчүлөр дипломун алышат. Жолугушууда тараптар суу ресурстары,
агрогеномика, жасалма интеллект, санариптик саламаттыкты сактоо жана күкүрттү
кайра иштетүү жаатында илимий кызматташтыкты
кеңейтүү маселелерин да карашты.
Суреш
Гаримелла, Аризона университетинин президенти:
– Биз
өнөктөштөрдү кылдаттык менен тандайбыз, ал эми Казакстан эң сонун мисал. Бул өлкөнүн өнүгүү ыргагы, демографиясы, жайгашкан орду
жана өлкө жетекчилигинин билим берүүгө, кадрдык потенциалды жана экономиканы
өнүктүрүүгө көрсөткөн чоң кызыгуусу менен байланыштуу. «Land-grant» макамына
ээ университет катары, биздин кызмат кылуу миссиябыз дүйнө жүзү боюнча
жайылтылат жана Казакстан менен өнөктөштүк анын маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Казакстан үчүн биринчи ири эл аралык университеттик өнөктөш болуу биз үчүн чоң сыймык.
Казакстан менен Жапония инвестициялык
өнөктөштүгүн кеңейтүүдө
Премьер-министр ошондой эле Жапониянын бизнес федерациясынын Keidanren делегациясы менен жолугушту. Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле санариптештирүү, логистика, энергетика жана технологияларды өткөрүп берүү жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Бүгүнкү күндө Жапония Казакстандын Чыгыш Азиядагы негизги соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылы 1,7 миллиард доллардан ашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

