Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, иш сапарынын алкагында өлкөнүн премьер-министри Алихан Смаиловдун Ирандын президенти Ибрагим Раиси жана биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер менен жолугушуулары пландалууда. Тараптар бир катар мекемелер аралык меморандумдарга жана ишкердик келишимдерге кол коюулары күтүлүүдө. Ошондой эле, чын куран айынын 26-27си күндөрү премьер министрдин орун басары Мурат Нуртлеу баштаган казак делегациясы Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарында өтө турган «Борбор Азия – Кытай» диалог форматындагы мекеме башчыларынын 4-жыйынына катышат.
Айбек Смадияров, ТИМ расмий өкүлү:
- Жолугушуунун катышуучулары алты тараптуу түрдүү тармактарда кызматташтыктын келечегин атап айтканда, транспорттук-логистикалык инфраструктура тармагында өз ара мамилелерди чыңдоо, Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кытайга айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоону көбөйтүү, электрондук сооданы өнүктүрүү, ошондой эле аталган форматка катышкан өлкөлөрдүн компетенттүү органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы механизмдерин түзүүнү талкуулашат.
Ошондой эле бүгүн Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басарынын АКШга эки күндүк иш сапары мерчемделген. Кайрат Омаров Нью-Йоркко Бириккен Улуттар Уюмунун жетекчилиги, Вашингтондо АКШ администрациясынын жана Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн барат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков