Астанада
бугу айынын 29-30 күндөрү мамлекет башчысынын төрагалыгы алдында эл аралык
Астана форуму өтөт. Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда,
иш - чарага мамлекет башчылары, Премьер-министрлер, эл аралык компаниялардын
жетекчилери, ишкерлер, саясат таануучулар жана окумуштуулар катышары күтүлүүдө.
Программа үч негизги темага бөлүнөт. Анда тышкы саясат жана эл аралык
коопсуздук, энергетика жана климаттын өзгөрүшү, экономика жана каржы маселелери
каралат. Бул жаатта мамлекет башчылары менен тармактын лидерлери, ошондой эле
белгилүү серепчилер топтук дискуссияларда жана сессияларда кийинки он жылдыкты
аныктаган натыйжалуу чечимдерди сунушташат. Катышуучулар адамзаттын эң
актуалдуу маселелерин конкреттүү тажрыйбалык чечимдерин биргелешип издөөгө
ниеттенишет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

