Президент Улытау облусун өнүктүрүүнүн комплекстүү планын кабыл алды

Президент Улытау облусун өнүктүрүүнүн комплекстүү планын кабыл алды

Президент Улытау облусун өнүктүрүүнүн 2022-2026-жылдарга комплекстүү планын бекитти. Бул тууралуу мамлекет башчынын облус жетекчиси Берик Абдигали уулу менен жолугушуусунда белгилүү болду. Улытау аймагынын экономикасын ар тараптандырууга багытталган маанилүү документ 240тан ашык иш-чараларды камтыйт. Келээрки жылы анда 132,8 миң чарчы метр турак-жайды ижарага жана ссудага берүү мерчемделип жатат. Ошондой эле “Жайлы мектеп” улуттук пилоттук долбоорунун алкагында 11 орто мектеп жана 8 бала бакча куруу пландалууда. Калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн райондун борборлорунда жана айылдарда 26 медициналык мекеме ачылат.

Берик Абдигали уулу, Улытау облусунун акими:

- Эң негизгиси, албетте, актуалдуу маселелер бул жол. Кызылорда-Жезказган-Караганды. Улытау-Аркалык жолунун келечектеги мааниси жөнүндө, ичүүчү суу тартылып жатканы тууралуу, өкмөт менен биргеликте иш алып баруу боюнча маалымат бердик. Ал эми комплекстүү долбоордо Жезказган шаарында бала бакча ачуу иштери жүргүзүлүп, Улытау аймагында оорукана салуу көздөлүп жатат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков